Биз менен байланышыңыз

Медведев: Украинадагы операция максатына жетмейинче уланат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 549 | 0

Украинадагы атайын операция план боюнча өнүгүп жатат. Ал коюлган максаттарга жетмейинче уланат. Тагыраагы, өлкөнү демилитаризациялоо жана денацификациялоо ишке ашмайынча улантылат. Натыйжада алар Орусияга каршы саясат жүргүзбөй, кадимки коңшу болушу керек. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдиргенин РИА Новости жазды.

Биринчи кезекте атайын операция Орусиянын  алдыга койгон максаттары дипломатиялык жол менен ишке ашпай калгандыктан болду. Бул тууралуу президент атайын операция башталганын жарыялап жатып билдирген. Операциянын жүрүшү, аны ишке ашыруу пландары Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы Владимир Путин тарабынан аныкталат.

«Путин өз баасын берди. Операция план боюнча жүрүп жатат. Бул планды Башкы командачы даярдап, бекитти», — деген Медведев.

Анын айтымында, кошумча сын-пикирдин кереги жок, анткени  президент толук баасын берген.

«Операция өлкө президенти койгон максаттарга жеткенге чейин улана турганы айдан ачык. Бул максаттар Украинанын келечегине, Украинанын нейтралдуу мамлекет катары макамына, анын артынан сая түшпөгөн мамлекетке тиешелүү», — деген ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM