Connect with us

Бүгүндөн тарта калкты жана турак жай фондун каттоо башталды

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 307 | 0

Бүгүн, 25-мартта калкты жана турак жай фондун каттоо башталды. Ал 3-апрелге чейин уланат.

Каттоо айрым алыскы аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт.

Эл каттоо ишине жалпы 27 миң 899 адам катышып, алардын 24 миң 873ү эл каттоочу, 2 556сы текшерүүчү, 506сы координатор милдетин аткарат.

Эл каттоочулардын айлыгы үчүн өлкө казынасынан 321 млн сом бөлүнгөн.

Бул эл каттоодо биринчи жолу мобилдик тиркеме колдонулуп, электрондук форматта уюлдук телефон же планшет аркылуу да катталууга болот.

Ошол эле учурда арыз-даттануу, кайрылуу-сунуштарды кабыл алуу үчүн Call-борбор түзүлүп, 1216 ишеним телефону иштеп баштады. Жарандар ага күн сайын саат 8:30дан 18:00гө чейин, ал эми каттоо өнөктүгү учурунда 8:30дан 20:00гө чейин чала алат.

Copyright © 2017 Maral FM