Connect with us

«Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини» аттуу китеп жарык көрдү

Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 813 | 0

Теолог Элмурат Кочкор уулунун «Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини» аттуу илимий китеби жарык көрдү. 

Китепте негизинен диний сабатты ачуу, дин адамдарынын деңгээлин жогорулатуу маселеси ар тараптан иликтенген.  

«Диний сабатты арттыруу, динди илимий негизге таянуу менен, терең билим менен элге түшүндүрүү — учурдун зарыл талабы», — дейт китептин автору.

Муну менен катар басылмада саясий сабат, үй-бүлө, анын ичинде бала тарбиялоодогу көйгөйлөр талдоого алынып, илимий негизге таянган бир катар сунуштар берилген.

Элмурат Кочкор уулу 2012-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 2014-жылы Анкара университетинин теология факультетинен магистрдик диссертациясын жактаган. Учурда Эржиес (Түркия, Кайсери шаары) университетинде дин философиясы боюнча докторантурада окуйт. 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM