Connect with us

Google Орусияда жаңылыктарга кирүүдө тоскоолдуктар болгонун ырастады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 226 | 0

Google компаниясы орусиялык колдонуучулар News.Google жаңылыктар кызматынын веб-сайтына же тиркемеге кирүүдө көйгөйлөргө туш болгонун ырастады. Бул тууралу Reuters жазды.

«Бул биз тараптан эч кандай техникалык көйгөйлөргө байланыштуу эмес», — деген компания.

Google компаниясы Орусияда мүмкүн болушунча көпкө чейин иштөөгө аракет жасап жатышканын айткан.

Эске салсак, Роскомнадзор Орусиянын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен News.Googleга бөгөт коюлганын билдирген. Алар: «Бул ресурс Украинадагы кырдаал тууралуу көп сандаган басылмаларга жана жалган маалымат камтылган материалдарга кирүү мүмкүнчүлүгүн берген», — дешкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM