Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тоолуктардын толгон сырын камтыган көргөзмө ачылды (сүрөт, видео)

Блог | 23 Мар 2022 | 538 | 0

Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук тарых музейинде «Келечекке көз чаптыруу: Бийик тоолуу Азиядагы транзиттик жолдор» аталышындагы көргөзмө ачылды. Анда Борбор Азиянын тоолуу аймактарын жердеген элдин турмушун, маданий мурастарды сактоодогу ролун чагылдырган сүрөттөр коюлган. Долбоордун максаты маданий мураска көңүл буруу жана сактоо болуп саналат. 

Долбоор мындан 3 жыл мурун башталган. Ал илимпоздорду, маданият изилдөөчүлөрдү Борбор Азиянын тоолуу аймактарында жашаган элдин маданиятын сактоого, жайылтууга тартууну максат кылат. Иш-чарага Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын маданият изилдөөчүлөрү катышкан.

«Келечекке көз чаптыруу: Бийик тоолуу Азиядагы транзиттик жолдор» долбоорунун өкүлү, Борбор Азия университетинин маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн директору Элмира Көчүмкулова демилгенин көтөрүлүү себебине мындайча токтолду.

«Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоору уланып жатат. Анда мурун «тарыхый Улуу Жибек жолун кайрадан жандантып, жалаң эле соода-сатык эмес, маданий мурастардын да алмашуусу болсун» деген чоң долбоор башталган. Бул долбоорлордун жакшы жактары да бар, бирок ошол эле учурда Улуу Жибек жолу өтө турган аймактардагы элдин жашоо-тиричилигине тескери да таасири тийип калышы мүмкүн. Бул ошол маселени изилдеген долбоор болду».

Көчүмкулова мамлекет экономикага гана басым жасабастан, маданий мурастарга да маани бериши керектигин, алардын жоголуп кетүү коркунучу бар экенин кошумчалады.

Долбоор бир нече эл аралык уюмдун кызматташуусунда ишке ашкан. Көргөзмөгө коюлган эмгектер долбоордун соңку жыйынтыгы катары эсептелет.

Долбоордун жетекчиси Алтын Капалова көргөзмөдө тоолуу аймактарда жашаган элдин жөнөкөй турмушу камтылып, маданий мурасты сактоодогу орду чагылдырылганын айтты.

«Жалпысынан тоолуу аймактарда жашаган адамдар тууралуу болуп, элдин кандай муктаждыгы бар, кандай кыйынчылыкка дуушар болот, кандай үмүтү бар, кандай кыялы бар, ошолор чагылдырылган. Коюлган эмгектерге бир көз чаптырып өтсөңүз, кээ бир иштер жакырчылык тууралуу болсо, башка эмгектерде ошол тоодо жашаган эл улуттук деңгээлде маданий мурасты сактап калууда кандай салым кошконун көрөбүз. Анан фотодолбоорлор бар, ал жерде эл катаал шартта болсо да эмгектенип, үмүтүн үзбөгөнү көрсөтүлөт».

Көргөзмөнүн ачылышы «Кыргыз кайрык» музыкалык ансамблинин чакан концерти менен коштолду. Ал Бишкекте 10-апрелге чейин уланат.

Көчмө көргөзмөнүн ачылышы буга чейин Пакистандын Пешавар шаарында болгон. Эми ал Өзбекстандын Ташкент шаарында уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM