Биз менен байланышыңыз

LG Electronics компаниясы Орусиядагы соодасын токтотот

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 666 | 0

LG Electronics компаниясы Орусиядагы соодасын токтотот. Бул маалымат компаниянын расмий сайтына бүгүн, 19-мартта жарыяланды.

«LG Electronics Орусиядагы соодасын токтотуп, жагдайга кылдат көз салып турат. Биз бардык адамдын ден соолугуна жана коопсуздугуна тынчсызданабыз. Андыктан LG гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттерин колдоону уланта берет», — деп айтылган билдирүүдө.

LG Electronics — электрондук каражаттарды жана турмуш-тиричилик техникаларын чыгарган Түштүк Кореянын дүйнөгө таанымал эң ири компаниясы. Ал чыгарган өндүрүм дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө экспорттолот.

Айта кетсек, Орусия Украинага кол салгандан бери 400дөн ашуун чет элдик ири компания Орусиядагы ишин убактылуу же биротоло токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM