Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан: Сердар Бердымухамедовдун инаугурациясы өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 583 | 0

Түрмөнстандын жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедов бүгүн, 19-мартта ант берип, кызматына расмий киришти. Бул тууралуу «Түркмөнстан алтын доору» басылмасы жазды.

«Бүгүн Түркмөнстандын борборундагы Рухыет сарайында жаңы шайланган президенттин ан берүү салтанаты болду», — деп жазылган маалыматта.

Ал эми «РИА Новости» маалымат агенттигинин жазганына караганда, инаугурацияга Түркмөнстан парламентинин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, аскер жана укук коргоо органдары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, дагы башка ушул сыяктуу бийлик адамдары катышкан.

Салтанат жабык түрүндө өтүп, сүрөт, видео маалыматтар эч жерге жарыяланган жок.

Сердар Бердыхмуамедов эми 7 жылдык мөөнөткө Түркмөнстан мамлекетин жетектейт.

Айта кетсек, 12-мартта Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп, анда Сердар Бердымухамедов шайлоочулардын 72,97%ынын добушун алып, жеңүүчү деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM