Биз менен байланышыңыз

Орусия парламентинин спикери Талант Мамытовго куттуктоо жолдоду

Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 304 | 1

Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов менен Орусия Федералдык жыйынынын жогорку палатасынын төрайымы Валентина Матвиенко эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнө 30 жыл толушу менен бири-бирин куттуктады.

Талант Мамытовдун куттуктоо катында 30 жыл аралыгында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бекем алака түптөлүп, парламенттер аралык байланыш да артканы белгиленген.

«Ич ара сый-урматка жана ишенимге негизделген бул алака эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишенем. Парламенттерибиздин да жигердүү байланышы Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деген үмүттөмүн», — деген Мамытов.

Ал эми Орусия Федералдык Жыйынынын жогорку палатасынын төрайымы Валентина Матвиенко достук жана ич ара колдоого негизделген көп жылдык тарыхый байланыш Орусия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн пайдубалын түптөгөнүн айткан.

«Акыркы ондогон жылдар аралыгында биз түрдүү тармактарда кызматташуунун уникалдуу тажрыйбасын топтодук. Орусия-Кыргызстан достук мамилелеринин бузулбастыгына жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган конструктивдүү парламенттер аралык диалог аркылуу жемиштүү уланарына ишенем», — деген Матвиенко.

Айта кетсек, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эгемен өлкөлөр катары дипломатиялык байланышы 1992-жылы 20-мартта түптөлгөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Vavada зеркало

    19.03.2022 22:09

    Большое спасибо за полезную информацию..

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM