Биз менен байланышыңыз

Орусиянын президенти Садыр Жапаровго куттуктоо катын жолдоду

Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 674 | 0

Владимир Путин Кыргызстан-Орусия дипломатиялык алакасына 30 жыл толушу менен Садыр Жапаровду куттуктады. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Бул убакыт аралыгында орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жетти. Ар түрдүү чөйрөлөрдө мазмундуу саясий диалог жана ар кандай тармактарда жемиштүү кызматташтык өнүгүп жатат. Москва менен Бишкек ЕАЭБдин, ЖККУнун, КМШнын, ШКУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу иштешүүдө. Биздин калкыбыздын жыргалчылыгы үчүн, аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында эки тараптуу алаканын бүткүл комплексин биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары өнүктүрүүнү камсыздайбыз деп ишенем», — деп жазылган куттуктоодо.

Андан тышкары Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, кыргыз элине тынчтык, бакубат жашоо каалаган.

Айта кетсек, Кыргызстан менен Орусия СССРден бөлүнүп чыккан эгемен өлкөлөр катары кызматташуусун 1992-жылдын 20-мартында баштаган. Ошол жылдын июнь айында «Достук, кызматташтык жана ич ара жардам жөнүндө» келишимге кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM