Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Ноорузда коопсуздукту 6 миң милиционер көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 234 | 0

Ички иштер органдарынын өздүк курамы 20-21-март күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Нооруз майрамы күнү 6 миңден ашуун кызматкер коомдук тартипке көз салат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү майрам учурунда ар кандай жагдайларды болтурбоо үчүн алдын алуу чараларын көрүп жатканы айтылды.

Бул боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековдун «Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чаралары жөнүндө» атайын буйругу чыгып, тиешелүү жетекчиликтерге тапшырмалар берилген.

«Бул буйрукка ылайык, ички иштер органдарынын өздүк курамы ушул жылдын 20-21-март күндөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт. Маанилүү объектилер коргоого алынат. Майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. ИИОнун бардык бөлүмдөрүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби аныкталды. ИИОнун нөөмөт бөлүктөрүндө күчөтүлгөн ыкчам-тергөө топтордун кезметке туруулары уюштурулду», — деп жазылган билдирүүдө.

Учурда милиция кызматкерлери «Укук тартип» аталышындагы рейддик иштерди жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM