Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры 21-22-мартта «Кара чапан» спектаклин коёт. Бул тууралуу «Маралга» театрдын директору, Кыргыз эл акыны Азамат Болгонбаев кабарлады.
Директордун айтымында, бул спектакль Чүй театрынын түптөлгөнүнүн 30 жылдыгына карата даярдалган.
Спектакль Бишкек шаарындагы Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында саат 18:00дө башталат. Билет баасы: 150 сом.
Маалымат катары айта кетсек, «Кара чапан» (Чёрная бурка) драмасын көрүнүктүү осетин режиссёру, драматург Георгий Хугаев жазган. Аны кыргыз тилине Давлет Нургазиев которуп, сахнага режиссёр Санжарбек Сабыржан уулу даярдап жатат.
«Кара чапан» драмасы тамсил жанрында жазылган. Анда аллегориялык ыкма аркылуу турмуштун ар кыл жагдайлары чагылдырылган. Автор ит Тузардын, карга Кваркандын, картаң бөрү Чобрдын, жаш бөрү Чобранын, момолой чычкан Фирустун, эшек Киконун, коён Дигуранын жана башка айбанаттардын образында жакшы-жаман, зулум-адилет, боорукер-мерез деген сыяктуу адамзаттын түркүн мүнөзүн ачып берген.