Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычындагы сууну 8 млрд куб метрге жеткирүү талабы коюлду

Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 584 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барды.

Анда станциянын учурдагы иши, суунун көлөмү жана төртүнчү гидроагрегатта жүрүп жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат угулду.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров оңдоп-түзөө иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүү, ошондой эле 1-апрелге карата суунун көлөмүн кеминде 8 млрд куб метрге жеткирүү тапшырмасын берди.

«Электр станциялары» ишканасынын сайтынан алынган маалыматка караганда, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүн, 19-мартка карата 7 млрд 925 млн куб метрди түздү. Суунун агып кирүүсү секундуна 251 куб метр болсо, агып чыгуусу 296 куб метр болууда.

Copyright © 2017 Maral FM