Биз менен байланышыңыз

Индиянын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 382 | 0

Индиянын президенти Рам Натх Ковинд Садыр Жапаровго куттуктоо катын жолдогонун Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Рам Натх Ковинд Садыр Жапаровду Кыргызстан менен Индиянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилеге 30 жыл толушу менен куттуктаган.

«Биздин мамилебиз тарыхый жана цивилизациялык байланыштарга негизделет. Акыркы отуз жылдын ичинде алакабыз ар кайсы тармактарда ургаалдуу өнүгүп келе жатат. Үстүбүздөгү жылдын январь айында «Индия-Борбор Азия» механизмин бириктирүү биздин мамилени аймактык өнүгүүнүн жана коопсуздуктун жаңы бийиктиктерине көтөрдү. Биздин мамиле элибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берерине ишенем», — деп айтылган катта.

Андан тышкары Садыр Жапаровго чың ден соолук, жигердүү эмгек, Кыргызстанга бакубат жашоо, гүлдөп-өнүгүү каалаган.

Айта кетсек, Индия-Кыргызстан дипломатиялык алакасы 1992-жылдын 18-мартында башталган. Ал эми Индиянын Кыргызстандагы элчилиги 1994-жылы ачылган.

Эки өлкө негизинен соода, медицина, билим берүү, маданият тармактарында кызматташып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM