Биз менен байланышыңыз

УКМК дипломдорду текшерүү аяктаганга чейин сындабай турууга чакырды

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 612 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүү ишин улантып жатканын билдирди.

УКМК текшерүү аяктап, жыйынтыгын расмий жарыялаганга чейин кандайдыр бир комментарий бербей турууну жарандардан суранат.

Текшерүүнүн соңунда ар бир аныкталган факты боюнча мыйзамга ылайык тийиштүү чечим кабыл алынат.

Атайын кызмат жарандык активисттер менен Жогорку Кеңештин депутаттары, алардын катарында Адахан Мадумаров УКМКнын ишин негизсиз сындап жатат деп эсептейт.

Жүргүзүлгөн алдын ала талдоо көрсөткөндөй, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү бул багыттагы мыйзам бузууларын төмөнкүдөй көрсөткөн:

  1. Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын аткарбоого (жогорку окуу жайы менен байланыштын жоктугу, чет өлкөдө жүрүү, зачёт, сынактарга барбоо ж.б.) байланыштуу билим берүү мыйзамдарын бузуп, жогорку билим жөнүндө диплом алган адамдар. Мисал катары «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозайым Нарматова Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги сынак сессиясы учурунда чет өлкөдө узак убакыт жүргөн.
  2. Жогорку окуу жайга баштапкы билими жөнүндө жасалма документ (орто билими жөнүндө аттестат, академиялык маалымкат ж.б.) тапшырган адамдар. Мисал катары «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кыянбек Сатыбалдиев жасалма документтердин негизинде Жалал-Абад экономика жана ишкердик университетине тапшырганы текшерүүлүдө.
  3. Ишке орношуу үчүн, ошондой эле тездетилген программа боюнча экинчи жогорку билим алуу максатында жогорку билим жөнүндө жасалма диплом колдонгон адамдар. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жолдошбек Осмонбекович Токсобаев жасалма дипломун колдонуу фактысына шектелүүдө.

Билими жөнүндө жасалма документтерди даярдаганга катышы бар тийиштүү окуу жайлардын кызматкерлерине мыйзамга ылайык юридикалык баа берилет.

Унаалардын каптал айнектерин караңгылатууга депутаттар макулдук беришти

Copyright © 2017 Maral FM