Биз менен байланышыңыз

Манас районунун электриктери мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирген

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 372 | 0

Талас облусунун Манас райондук электр тармактарында (РЭТ) коррупциялык факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Манас райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө РЭТтин жооптуу адамдары өзүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мамлекетке 1 млн 407 миң 523 сом зыян келтиришкени тастыкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлүп жатканы кабарланды. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM