Биз менен байланышыңыз

Согушка каршы плакат менен эфирге кирген кызга 30 миң рубль айып салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 343 | 0

Москванын Останкин соту Биринчи каналдын эфирине согушка каршы плакат менен чыккан Марина Овсянниковага 30 миң рубль айып салды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, сот аны макулдашылбаган аракетти уюштуруу беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. (РФнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 20.2-беренесинин 2-бөлүгү).

Соттук териштирүүдөн кийин Овсянникова милиция аны 14 сааттан ашык суракка алып, эч кандай юридикалык жардам көрсөтпөгөнүн, үй-бүлөсү жана достору менен байланышууга мүмкүнчүлүк бербегенин айтты.

14-мартта Орусиядагы «Биринчи каналдын» эфиринде «Время» маалымат программасы көрсөтүлүп жаткан учурда Марина Овсянникова «Согушка жол жок!» деген плакат менен студияга кирип келген.

Ал «Биринчи каналдын» редакторлорунун бири. Колундагы баракта «Согушту токтоткула. Бул жерде силерге калп айтып жатышат, үгүткө ишенбегиле» деп жазылган.

Ошол учурда эфирде Орусияга салынып жаткан санкциялар тууралуу маалымат берилип жаткан. Бул окуядан кийин эфир мурдагыдай эле уланган.

Марина Овсянникова ага чейин видеокайрылуу жасап, Орусиянын аракеттери кылмыш экенин, ал эми Орусия өзү агрессор өлкө экенин айткан.

Орусиянын Украинага кол салуусу 24-февралда башалган. Орусия «атайын аскердик операция» деген аталышта согуш баштагандан бери Украинадан 3 миллиондон ашык адам чыгып кеткени кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM