Биз менен байланышыңыз

«Силерге калп айтып жатышат!» Редактор эфир учурунда плакат көтөрүп чыкты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 2017 | 0

14-мартта Орусиядагы «Биринчи каналдын» эфиринде «Время» маалымат программасы көрсөтүлүп жаткан учурда «Согушка жол жок!» деген плакат менен бир кыз студияга кирип келди.

Ал — «Биринчи каналдын» редактору Марина Овсянникова. Анын колундагы баракта «Согушту токтоткула. Бул жерде калп айтып жатышат, үгүткө ишенбегиле» деп жазылган.

Ошол учурда эфирде Орусияга салынып жаткан санкциялар тууралуу маалымат берилип жаткан. Бул окуядан кийин эфир мурдагыдай эле уланган.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, Овсянникова полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Марина Овсянникова ага чейин видеокайрылуу жасап, Орусиянын аракеттери кылмыш экенин, ал эми Орусия өзү агрессор өлкө экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM