Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында Түркияда окуу-машыгуу жыйынынан өтүү үчүн (Түркия) Антальяга учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Маалыматка ылайык, футбол боюнча Кыргызстандын командасы 14-марттан баштап Анталья шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
Окуу-машыгуу иштери Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдыктын алкагында өткөрүлүп жатат.
Машыгуу жыйынына жалпы 32 оюнчу чакырылган.