Биз менен байланышыңыз

Мураталы Тагаев Жети-Өгүзгө аким болду

Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 367 | 0

Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, Жети-Өгүз районунун буга чейинки акими Руслан Мейматкулов өлкө башчынын ротациялоо боюнча жарлыгынын негизинде 2021-жылы 22-майда Өзгөн районунан которулуп барган болчу.

Тагаев Мураталы Абдыкарович 1978-жылы Сузак районунун Барпы айылында туулган. Эки дипломдун ээси: Жалал-Абад коммерциялык институтун жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун акционердик коомдо бухгалтер болуу менен баштаган. Андан тышкары Президенттин аппаратында Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында, Сузак райондук салык кызматында эмгектенген. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 3 чакырылышына депутат болгон.

2018-жылы Жалал-Абад шаарына мэр болуп шайланып, 2020-жылы «октябрь тополоңунан» кийин отставкага кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM