Биз менен байланышыңыз

Казакстан январдагы тополоңдо каза болгондордун санын чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 904 | 0

Казакстанда январь айындагы тополоңдо каза тапкандар 230га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Берик Асылов билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Буга чейин Башкы прокуратура 225 адам, анын ичинде 19 коопсуздук кызматкери каза болгонун маалымдаган.

«Өлкөдө жалпысынан 230 адам каза болду. Анын ичинде 19 аскер жана коопсуздук кызматкери бар», — деген Асылов.

Каза тапкандар Алматыда көбүрөөк катталып, 139 адам көз жумганы такталган. Ал эми 20 жаран окко абайсыздан тутулган.

Буга чейин Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек болчу. Айрым коомдук уюмдар кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөнүн айтып, укук коргоочулар жана ыктыярчылар алардын ысымын өз алдынча топтоп келишкен.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM