Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк рублдин сомго карата курсун башка эреже менен аныктайт

Кыска кабар | 13 Мар 2022 | 9716 | 0

Улуттук банктын башкармалыгы орус рублинин кыргыз сомуна карата курсун аныктоонун жаңы эрежесин кабыл алды. Бул тууралуу 11-мартта жаңы токтом Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Мындай чечим ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын алып кайра сатуу операцияларынын болушуна жол бербөө максатын көздөйт.

Рублдин сомго карата расмий курсу Бишкек убактысы боюнча мурунку соода күнү саат 15:00дөн учурдагы соода күнү саат 15:00гө чейинки мезгил аралыгында «Блумберг» маалымат агенттиги/«Рейтер» маалымат агенттиги тарабынан белгиленген, орус рублине карата АКШ долларынын максималдуу жана минималдуу курсу аралыгындагы орточо маанинин негизинде кросс-курс боюнча эсептелет.

Токтом 14-марттан тарта күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, буга чейин орус рублинин сомго карата расмий курсу Москва банктар аралык валюта биржасында орточо салмактанып алынган кросс курс боюнча эсептелип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM