Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев Берлиндеги кыргызстандыктар менен жолукту

Кыска кабар | 13 Мар 2022 | 2142 | 0

Кыргызстандын Германияга жаңы дайындалган элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери, ошондой эле «Кыргыз-Герман маданий коомунун» өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Анда Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары жана идеялары менен бөлүшкөн.

Текебаев мекендештерди инвестицияларды, жаңы технологияларды тартууга жана туристтик потенциалды жайылтууга активдүү көмөк көрсөтүүнү улантууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM