Биз менен байланышыңыз

БШК Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 671 | 2

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-мартта Элвира Сурабалдиеваны Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Ага төш белги жана күбөлүк тапшыруу БШКнын Ютуб каналынан түз алып көрсөтүлдү.

Айта кетсек, Элвира Сурабалдиева парламенттик кайра шайлоодо №27 Биринчи Май округунан 47,97% добуш алып, жеңүүчү деп табылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округдарында «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Буга байланыштуу ушул жылдын 27-февралында кайра шайлоо өткөн.

2 пикир

2 пикир

  1. Кубаныч

    11.03.2022 16:47

    Башкы теманы оӊдоп койгула. БШКга деп кетип атат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM