Биз менен байланышыңыз

Кочкордо диплому жасалма делген мугалим асынып алды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 5391 | 0

Кочкор районунун Ак-Чий айылынын тургуну 1968-жылы туулган Г. Ч. аттуу аял муунуп каза тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын 9-март күнү складына кирип асынып алганын жубайы К.К. Кочкор райондук милициясына билдирген. Жерине барган ыкчам топ маркумдун денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуунун белгилери табылган эмес.

Каза тапкан аял ошол айылдагы мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келгенин «Турмуш» басылмасына мектеп директору айтып берген. Басылма алган маалыматка караганда, райондук прокуратура мектеп мугалимдеринин дипломун текшерип, Г. Ч.нын дипломун жасалма деп табышкан. Андан соң аны прокуратурага чакырышкан. Көзөмөл органы экинчи жолу чакырганда анын асынып каза тапканы белгилүү болгон.

Бул факты Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, учурда иликтөө жүрүп жатканы айтылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети быйыл январдан тарта бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун текшерүүнү баштаган. Атайын кызмат жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз, жасалма жол менен даярдоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM