Биз менен байланышыңыз

Жаштардын келечегине кам көргөн келишимге кол коюлду

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 226 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) «Жаштар үчүн келечек» долбоорун биргеликте ишке ашырууну макулдашты.

Бул багыттагы келишимге Кыргызстандан министр Азамат Жаманкулов жана айтылган коомдун Кыргызстандагы директору Йоахим Фритц кол койду.

Келишим жаштардын экономикалык жана коомдук жигерин күчтөндүрүү багытындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну, жаштардын ишин жакшыртууну көздөйт.

Анын алкагында секторлор аралык кызматташууну жана улуттук деңгээлдеги стратегиялык негиздерди иштеп чыгуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде пландаштыруу, бюджетти түзүүдө жаштардын ишин алдыга жылдыруу, жаштар иштери боюнча адистерди, жаш лидерлерди даярдоо, жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү каралат.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2022-2025-жылдар аралыгына белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM