Биз менен байланышыңыз

БШК Шайлообек Атазовго карата жазылган арызды канааттандырган жок

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 4226 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-марттагы жыйынында №29 Свердлов округунан депутаттыкка талапкерлер Аскар Алмаз уулу менен Ирина Карамушкинанын арызын карады.

Айта кетсек, БШКга талапкерлер Шайлообек Атазов менен Элнура Алканованын үстүнөн добуш сатып алуу боюнча арыз-даттануу түшкөн.

Жыйында Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери маалымат берип, эки арызда тең көрсөтүлгөн жагдайлар далилденбегенин билдирди.

Укук коргоо органдарынын баяндамасынан кийин БШКнын мүчөлөрү бир добуштан эки арызды тең канааттандыруудан баш тартышты.

Айта кетсек, 27-февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарына парламенттик кайра шайлоо өткөн. Себеби 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бул эки округда «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып кеткен.

БШК талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM