Биз менен байланышыңыз

Орусия 200дөн ашуун товарды экспорттоого тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 242 | 0

Орусия Өкмөтү мурда чет өлкөлөрдөн кирген товарларды кайра сыртка алып чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, тизмеге технологиялык, электрондук, медициналык жабдуулар, байланыш, транспорт каражаттары, айыл чарба техникалары кирген. Андан тышкары вагон, локомотив, контейнер, турбина, металл жана таш иштеткен станок сыяктуу каражаттар да бар. Жалпысынан товардын 200 түрү камтылган.

Бул чечим Орусия базарындагы туруктуулукту сактоо максатында кабыл алынганы айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда бул чечимдин ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө, Абхазияга жана Түштүк Осетияга тиешеси жок экени белгиленген. Бул мамлекеттерге товар чыгаруу Айыл чарба министрлигинин, Транспорт министрлигинин, Соода жана өнөр жай министрлигинин, Санарип министрлигинин, Жаратылыш министрлигинин уруксаты менен ишке ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM