Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев май айында өтө турган Евразия экономикалык форумуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
Отурумда форумдун концепциясы жана иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкер операторду аныктоо боюнча Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин сунуштары каралды.
Евразия экономикалык форумун өткөрүүнүн максаты экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы инвестициялык жана инновациялык мүмкүнчүлүктү арттырып, синергетикалык натыйжага жетишүү, анын ичинде экспорттук деңгээлди өстүрүү болуп саналат.