Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 845 | 0

Бүгүн, 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон жаңжал чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Болжол менен саат 10:50 чамасында Баткен районунун Тескей жерлигиндеги такталбаган аймакта Тажикстандын нөөмөттө турган чек арачылары мурдагы жүрүү багытын өзгөртүп, жаңы чекке кирип, Кыргызстандын чек арачыларын аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган.

Жерине тажик чек арачыларынан кошумча күчтөр келип, жаңы чекке кирүүгө аракет кылышкан. Кыргыз чек арачылары ага жол берген эмес. Натыйжада ортодо атышуу орун алган.

Эки тараптын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, чатак орун алган жерден кезметчилерди алып кетүүгө, кошумча күч жана курал алып келбөөгө макулдашты.

Атышуудан жабыркагандар катталган жок. Учурда эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрүн улантып жатат. Баткен облусундагы чек ара кайтаруу тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

Чек ара кызматы Тескей жерлиги мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына кирерин жана Кыргызстандын жарандары пайдаланып жаткандыгын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM