Биз менен байланышыңыз

Секелек кызды зордуктаган адам өмүр бою эркиндигинен ажырады

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 1034 | 0

6 жашар кызды зордуктоого күнөөлүү деп табылган адам прокуратуранын сунушу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу райондук соту Н.уулу А. аттуу жарандын 6 жашар кызга өзгөчө мыкаачылык менен сексуалдык аракеттерди жасаганын, физикалык жана психологиялык залал келтиргенин далилдеп, «зордуктоо» беренеси менен 20 жылга эркиндигинен ажыраткан.

Райондук прокуратура бул өкүмгө макул болбой, анын алган жазасы жасаган кылмышына дал келбесин белгилеп, аппеляциялык сунуштама берген.

Иштин натыйжасында Ош облустук соту аппеляциялык арызды канааттандырып, кылмышкер Н.уулу А.ны өмүр бою эркиндигинен ажыраткан өкүм чыгарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM