Connect with us

«Кара-Кече», «Миң-Куш» кендерин башкарган улуттук компания түзүлдү

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 194 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон токтом менен Кыргызстандагы тоо-кен тармагын караган дагы бир «Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү.

Улуттук компания Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин натыйжалуу иштетүү максатында түзүлгөн.

Баштапкы капиталы 1 млн сом деп белгиленген «Кавак» улуттук компаниясынын уюштуруучусу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болуп саналат.

Буга байланыштуу фондго «Кавак» улуттук компаниясынын уставын бекитип, мамлекеттик каттоодон өткөрүү, баалуу кагаздарга болгон укугун уюштуруп берүү милдеттери жүктөлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM