Биз менен байланышыңыз

Өзгөн шаарынын мэри жер тилкесин мыйзамсыз берүүгө айыпталууда

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 270 | 0

Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы менен айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нодирбек Каримов 2015-жылы Өзгөн шаарына мэр болуп турганда атайын токтом менен Сарахсий, Борбордук, Жаңы-Өзгөн, 32 д, Гузар кварталдарынан жалпы 9038,5 чарчы метр жер тилкесин 22 адамга мыйзамсыз кесип берген.

Бул факты боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы иш козгоп, кармалган адамга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен айыбы угузулуп, иш сотко өткөрүлдү.

Учурда иш сотто каралууда. Андан тышкары райондук прокуратура жогоруда белгиленген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыз жолдоду.

Нодирбек Каримов Өзгөн шаарына 2013-2015-жылдарда мэр болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттыгына СДПК партиясынын тизмеси менен шайланып келген. 2021-жылдын 10-июнунда Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары мурдагы кызматына шайлашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM