Биз менен байланышыңыз

УКМК: Панфилов РЭТинин кызматкери пара алып кармалды

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 134 | 0

Панфилов райондук электр тармагынын (РЭТ) улук инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

РЭТтин кызматкерлери электр энергиясын эсептегичсиз колдонгондорго (ууру свет жаккандарга) карата текшерүү жүргүзүп, натыйжада светти мыйзамсыз жаккан абонентти аныкташкан. Электриктер ишти жашыруу үчүн мыйзам бузган Р.К.дан 97 миң сом пара талап кылышкан.

Алынган маалыматтын негизинде бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен бирдиктүү реестрге катталып, паракорду кармоо үчүн атайын операция даярдалган. Анын натыйжасында РЭТтин улук инспектору К.Ж.К. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM