Биз менен байланышыңыз

Президент Кыргызстандын хоккейчилерин жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 219 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын курама командасын IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө биринчилигинде чемпион болушу менен куттуктады.

Биринчиликтин финалдык бөлүгү кечээ, 8-мартта өтүп, аны өлкө башчысы да барып көрдү.

Финалдык беттеш Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда болуп, анда ата мекендик спортчулар 14:0 эсебинде жеңишке жетти.

Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров улуттук курама менен жолугушту.

Өлкө башчысы бул жеңиш бардык кыргызстандыктарга кубаныч жана сыймыктануу тартуулаганын белгилеп, өзүнүн атынан команда мүчөлөрүнө, машыктыруучуларга, дарыгерлерине белектерди тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM