Connect with us

Акылбек Жапаров Атыр Абдрахматовага ишенимин билдирди

Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 272 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды.

Маектин жүрүшүндө төрага Атыр Абдрахматованы жаңы кызматка дайындалышы менен жана бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Андан тышкары Акыйкатчы институту мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун, адамдын укугу менен эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөгөн орган экенин айтып, жооптуу кызматка аял кишинин дайындалышы аркылуу бул тармакта жакшы жылыш болоруна ишенимин билдирди.

Айта кетсек, Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин Жогорку Кеңештин төрт фракциясы сунуштап, парламенттин 2-марттагы жалпы жыйынында көпчүлүк добуш менен шайланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM