Connect with us

Салык кызматы: Арак жасап жаткан 3 жашыруун цех табылды (видео)

Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 219 | 0

Мамлекеттик салык кызматы УКМК менен биргеликте жүргүзгөн текшерүү учурунда Сокулук районунан алкоголдук ичимдикти жашыруун өндүргөн 3 цех табылганын маалымдады.

Цехтерден ичимдикти кустардык жол менен өндүрүлүп келгени, шектүү акциздик маркаларды колдонгону аныкталган. Ээлеринде товарга лицензия, коштоочу документтер болгон эмес.

Натыйжада ар кандай бренддериндеги 1 миң 414 бөтөлкө алкоголдук продукция, 1 миң 709 даана пайдалана элек акциздик марка, 145 литр этил спирти (95%), 5 миңден ашык этикетка жана 2 миңден ашык капкак тартып алынган.

Цехтин кожоюндарына мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM