Connect with us

Президент коомдук ишмер Роза Айтматованы 85 жашы менен куттуктады

Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 561 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-мартта 85 жашын белгилеп жаткан Роза Айтматованы телефон аркылуу куттуктады.

Өлкө башчысы Роза Айтматованын өлкөнүн маданий-коомдук иштерине кошкон жигердүү эмгегин баса белгилеп, туулган күнү да маанилүү майрам менен бирге келип, кош майрам болуп жатканын кошумчалап өттү.

Ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, атасы Төрөкул Айтматов жана дүйнөлүк жазуучу, агасы Чынгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрүн ынтаа коюп окуп чыкканын айтты.

Өлкө башчынын атынан Роза Айтматовага атайын белектер жөнөтүлдү.

Роза Айтматова — өлкөнүн түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошкон XX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы, дүйнөлүк залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун карындашы.

Ал 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти Талас облусунан, жогорку окуу жайды Фрунзедеги Кыз-келиндер педагогикалык институтунан аяктаган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер.

Copyright © 2017 Maral FM