COVID-19 боюнча республикалык штаб 8-мартка карата 17 адам коронавирус жугузуп алганын кабарлады. Булардын тогузу Чүй облусунан, алтоо Бишкек шаарынан, экөө Жалал-Абад облусунан катталган.
Ошол эле учурда 28 адам айыгып чыгып, 2 адам каза тапкан.
Учурда 148 бейтап ооруканаларда, 251 бейтап үйүндө дарыланып жатат.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 200 миң 658 адам коронавируска чалдыккан. Анын ичинен 195 миң 713 адам сакайып чыгып, 2 миң 968 адам көз жумган.