Лебединовкадагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева ишине кайтып келди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, анын мындай чечимге келишине өз кесибине болгон сүйүүсү, окуучуларынын жана ата-энелердин суранычы ошондой эле министрликтин колдоосу себеп болгон.
Билим берүү жана илим министринин атайын тапшырмасы менен биринчи орун басар Бактияр Орозов, министрдин жардамчысы Илгиз Султанов, мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Динара Шаркулова тарыхчы эжей менен жолугуп, майрамы менен куттуктаганы, ошондой эле мектепке бардык шарттарды түзүүгө көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маектешкени айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 21-январында мугалим окуучусун урушуп жаткан видео социалдык тармактарга тараган. Бул боюнча атайын комиссия териштирүү жүргүзүп, Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназияда болгон окуя боюнча корутунду чыгарган. Анын негизинде мектеп администрациясы мугалимге сөгүш жарыялаган. Андан кийин Жылдыз Садырбаева жумуштан бошонууга арыз жазган. Бул коомчулукта, ата-энелер ортосунда бир катар нааразычылыктарды жаратып, мугалимдин ишине кайтып келүүсүн талап кылышкан.
«Мугалим менен окуучунун жаңжалы жалпы коомго таасир этет»