Жаза өтөөдөн качып, ишин анын пайдасына чечтирип алуу үчүн улуттук коопсуздук кызматкерине пара сунуштаган А.М.А. менен анын тууганы А.Н.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, А.М.А. Казакстанга 11.51 кг наркотикалык зат алып өтүп бараткан учурда чек арадан кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козголгон. Шектүү жазадан качуу максатында УКМК кызматкерине 30 миң АКШ долларын сунуштаган.
Бул боюнча атайын операция жүргүзүлүп, А.М.А.нын тууганы А.Н.А. 2 млн 745 миң сом жана 2 миң доллар берип жаткан учурда колго түштү.
Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү менен катталып, кошумча да иш ачылды.
Учурда эки факты боюнча тергөө жүрүп жатат.