Биз менен байланышыңыз

Европа Орусияга каршы дагы кошумча санкцияларды салышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 490 | 0

Европа Орусияга каршы кошумча жаңы санкцияларды киргизүүнү карап жатат. Бирок алар азырынча ачык айтылбайт. Бул тууралуу Франциянын экономика министри Брюно Ле Мер BFM каналына берген маегинде билдирди.

«Бардык варианттар үстөлдө. Мен азыр варианттарды атабай эле коёюн. Себеби экономикалык чаралардын натыйжасын арттыруу үчүн ниетибизди жашырууну туура көрөм», — деди ал.

Ле Мэр маневр жасоо үчүн орун бар экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы санкциялар 10-11-мартта Евробиримдиктин лидерлеринин Версальдагы жолугушуусунда талкууланат.

Буга чейин Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Орусияга каршы санкциялар дүйнөлүк экономикага жана каржы рынокторуна олуттуу таасирин тийгизип, көптөгөн мамлекеттер үчүн бир катар кесепеттерге алып келерин эскерткен. Фонд башка нерселер менен катар дүйнө жүзү боюнча баалардын өсүшүн болжолдогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM