Орусиянын Архангельск шаарында тургундардын арыздарынан кийин куудул Максим Галкиндин 14-мартта өтүшү керек болгон концерти токтотулду.
Шаардын ондогон жашоочулары артисттин оюнуна билеттерди кайтарып берүү үчүн драма театрынын кассасына барышкан. Буга Галкиндин Орусиянын Украинадагы аскердик атайын операциясы тууралуу айткан пикири себеп болгон.
Максим Галкин 24-февралда Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу билдирүү жазып, Орусия бийлигинин Украинага карата атайын операциясына каршы экенин айткан. Ал Украинада жашаган үй-бүлөсү жана достору үчүн тынчсызданарын билдирген.
Архангельск шаарынын тургуну орусиялык артисттин Орусия өлкөсүнө каршы чыгышына нааразы болушкан. Концерттин уюштуруучулары элдин нааразылыгын эске алып, иш-чараны өткөрүүдөн баш тартышкан.
Ага чейин Галкин катышкан жарнаманы да телеканалга чыгарбай коюшкан.