Биз менен байланышыңыз

Клиникалык тез жардам ооруканасы юридикалык каттоодон өттү

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 203 | 0

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ордуна ачылган Клиникалык тез жардам ооруканасы юридикалык каттоодон өттү. Бул кабарды Саламаттыкты сактоо министрлиги сайтына жарыялады.

Башкы дарыгер Памир Муратов муну менен оорукананын юридикалык маселелери чечилгенин, кийинки кадам кошумча бөлүмдөрдү уюштуруу жана ачуу болорун белгилеген. Тагыраагы, кардиология, неврология бөлүмдөрүн да кошуу каралып жатат.

Андан тышкары оорукананын каржы маселесин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду чечип жатканын, жакын арада толук кандуу штатттык режимде иштөөгө өтөрүн кошумчалаган.

Айта кетсек, февраль айында министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн маалымдаган. Бул кабар коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бир катар ызы-чуулар менен коштолгон.

Андан соң 4-февралда министр борбордун директору жана башкы дарыгери Сабырбек Жумабековду кызматтан алып, директорлугуна Гулия Кожакматованы, ал эми башкы дарыгерлигине Памир Муратовду дайындаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM