Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу районунда жасалма акча менен эки адам кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 171 | 0

Кара-Суу районунда жасалма акча сатууга аракет кылган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

3-мартта Кара-Суу райондук милициясына К. аттуу адамдын жасалма АКШ долларын алып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Факты электрондук журналга катталып, текшерүү иштери башталган.

Райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмү менен тергөө кызматы ыкчам операция жүргүзүп, Кызыл-Кыштак айыл аймагынан Алай районунун 36 жаштагы тургуну Н.Т.нын жанынан 100 долларлык жасалма 50 купюра табылган. Андан кийин Жалал-Абад облусунун тургуну А.Б.нын чөнтөгүнөн 100 долларлык жасалма 7 купюра алынган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертиза дайындалды. Шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM