Connect with us

Ош шаарында үй тоноого шектелген кылмыштуу топ кармалды

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 218 | 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жеке батирди тоноп кеткен кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 11-февраль күнү түнкү саат 24:00дө белгисиз 5 адам батирине кирип келип, чогуу турган шериги экөөнү электрошокер, бычак такап коркутуп, тоноп кетишкенин айткан. Шектүүлөр 5 мобилдик телефонду, 2 кол саатын, чач кургатуучу фенин, кийимдерин жана 2500 сомун алып кетишкен. Арыздануучу үйдү тоногондор 2 эркек, 3 кыз экенин белгилеген.

Ак-Буура милициясы жүргүзгөн ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектүү топтун бардык мүчөлөрүн кармалган:

М. кызы. Н. — 2004-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;

М.А. — Кара-Суу районунун тургуну;

С. кызы А. — 2000-жылы туулган, Алай районунун тургуну;

А. уулу Н. — Өзгөн районунун тургуну;

А. кызы А. — 2003-жылы туулган, Баткен районунун тургуну.

Милиция белгилегендей, бешөө тең учурда эч жерде иштебейт.

Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Жазык кодексинин 206-беренесинин (тоноо) негизинде тергөө жүрүүдө. Бул топтун ушул сыяктуу башка иштерге да катышы бар же жогу иликтенип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM