Биз менен байланышыңыз

Норвегия Орусия менен билим берүү тармагындагы кызматташууну токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 254 | 0

Норвегия Орусия менен билим берүү тармагында кызматташууну токтотту. Бул тууралуу Норвегиянын Министрлер кабинети билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Өкмөт ошондой эле Орусиянын «Эрасмус+» жана «Горизонт Европа» билим берүү жана илимий программаларына катышуу маселесин карай турганын билдирди.

Норвегиянын билим берүү министри Ола Бортен Мое санкциялар «жарандык коомго эмес, орус бийлигине каршы багытталганын» маалымдады.

Ал белгилегендей, учурда министрлер кабинети украиналык жана орусиялык студенттерге жардам берүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Буга чейин Массачусетс технологиялык институту (MIT) Сколков илим жана технология институту (Skoltech) менен кызматташууну токтоткон. Америка институту бул кадам Украинадагы кырдаалга байланыштуу жасалганын белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM