Биз менен байланышыңыз

Журналист Грант Динктин өлүмүнө шектүү түрк жараны Кыргызстандан кармалды

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 288 | 0

Журналист Грант Динктин өлүмүнө шектелип, 15 жылдан бери издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү бөлүмүнө Түркиянын жараны Кыргызстандын аймагында жасалма паспорт менен жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Атайын операциянын жүрүшүндө 1984-жылы туулган А.И. аттуу түрк жараны кармалган. Анын жанынан М.И. аттуу жаранга таандык паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган.

Текшерүү учурунда кармалган чет өлкөлүк жаран 2007-жылдын 19-январында Стамбул шаарында журналист Грант Динкти өлтүрүүгө, уюшкан кылмыштарга катышууга жана куралды мыйзамсыз алып жүрүүгө шектелип, Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан издөө салынганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 379-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 28-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен А.И. №1 тергөө абагына эки айга камалган.

Грант Динк Түркиянын армян тектүү журналисти болгон. «Акос» гезити аркылуу Түркиядагы армяндар, алардын укугун коргоо жаатындагы макалаларды жарыялап келген. Бул иштери боюнча бир нече ирет коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып, бир нече жолу сот жообуна тартылган. Айрыкча, 2004-жылы жазылган Мустафа Кемал Ататүрктүн багып алган армян кызы Сабиха Гөкче тууралуу макаласы өлкөсүндө чуу жараткан. 2007-жылы 19-январда Стамбул шаарындагы «Акостун» редакциясынын астынан атып кетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM