Биз менен байланышыңыз

Орусия «Евровидение» сынагынан четтетилди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2022 | 292 | 0

Орусия 2022-жылы «Евровидение» сынагына катыша албасын Европа телерадио биримдиги (EBU) жарыялады.

«Евровидение» сынагын башкаруучу органдын сунушу менен бүгүн EBU Аткаруу кеңеши иш-чаранын эрежелерине жана EBU баалуулуктарына негизделген чечим кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

Уюм Орусиянын сынакка катышуусу мелдештин аброюна шек келтириши мүмкүн экенин белгилейт.

Айта кетсек, буга чейин Финляндия мамлекети эгерде Орусия катыша турган болсо, өлкөсү сынактан баш тартарын билдирген.

Ал эми Орусия буга жооп катары Европа телерадио биримдигине мүчөлүгүн токтоторун айтышып, чечимди «өзүнүн саясий эмес экенин ар дайым баса белгилеген музыкалык форумдун саясий курмандыгы» катары баалашууда.

«Евровидение-2022» сынагы май айында Италиянын Турин шаарында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM