Connect with us

Элчи: Украинада каза болгон жана жабыркаган кыргыз жарандары жок

Кыска кабар | 27 Фев 2022 | 419 | 0

Украинада жүргөн Кыргызстандын жарандарынын арасында каза болгондор жана жабыркагандар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Киевдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

“Кудайга шүгүр, биздин жарандардын арасында жоготуу же жараат алгандар жок. Учурда өзгөчө Киев, Харьков, Херсон, Сумы, Чернигов шаарларында кырдаал татаал жана кооптуу”, — деп жазган элчи.

Кадыркуловдун белгилөөсүндө, элчилик Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Украинадагы Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо үчүн башка өлкөлөрдүн элчиликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жарандарды алып чыгып кетүү үчүн Польша, Словакия, Румыния жана Венгрия аркылуу коридор уюштурулган.

Учурда элчилик күчөтүлгөн режимде иштеп жатат Кыргыз жарандары элчилик менен +380997573413 +380442370346 +380442370347 номурлары аркылуу байланышса болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM