Биз менен байланышыңыз

Песков: Орус делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска келди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2022 | 597 | 0

Орус делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Белоруссиянын Гомель шаарына келди жана сүйлөшүүнү баштоого даяр. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Белоруссияда украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барган орус делегациясынын курамына Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрлиги жана Орусия Федерациясынын башка ведомстволорунун, анын ичинде президенттик администрациянын өкүлдөрү кирген.

«Орусия Гомелде сүйлөшүүлөргө даяр, азыр Москва украиндерди күтүп жатат», — деди Песков.

Белоруссиянын Тышкы иштер министрлиги орус делегациясынын Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Гомелге келгенин ырастады.

Украина президенти Владимир Зеленский бүгүн, 27-февралда жасаган кайрылуусунда “аймагында ракета учпаган өлкөдө” гана сүйлөшүүлөр акыйкат болорун белгилеп, Кремлге Варшава, Братислава, Будапешт, Стамбул, Баку жана башка шаарларды сунуштаганын билдирди. Ал буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путинге бир канча жолу сүйлөшүүнү баштоону сунуштаган. Бирок Орусия Украина тарапты сүйлөшүүдөн баш тартканын, ошондон улам аскердик операциясын улантып жатканын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM